Аннотация

Бул макаланын актуалдуулугу Кыргызстандагы билим берүү практикасына социалдык-эмоционалдык өнүгүү (СЭӨ) түшүнүгүн интеграциялоонун зарылдыгы менен аныкталат. Азыркы билим берүү системасында СЭӨ инсанды гармониялуу калыптандыруунун, академиялык ийгиликке жетүүнүн жана социалдык адаптациянын негизги компоненти катары таанылат. Бирок Кыргызстанда СЭӨнү системалуу түрдө диагностикалоо ыкмасы жетишсиз болгондуктан, эл аралык инструменттерди жергиликтүү шартка адаптациялоо талап кылынат. Иштин максаты – кыргыз билим берүү системасынын шарттарында мектеп окуучуларынын СЭӨ деңгээлин баалоо үчүн колдонулуучу терминологиялык тезаурусту жана диагностикалык инструменттерди адаптациялоо болуп саналат. Изилдөөдө теориялык анализ, салыштырма обзор, эксперттик баалоо жана пилоттук тестирлөө ыкмалары колдонулган. Эл аралык тажрыйбалар анализденип, тиешелүү инструменттер тандалып алынган. Бар болгон сурамжылоолордун мазмуну жана терминологиясы кыргыз маданий жана тилдик контекстине ылайыкташтырылды. Адаптацияланган инструменттер КНУнун шефтик мектептеринин башталгыч класстарынын 333 окуучусуна жана 94 мугалимдин инсандык потенциалын мониторинг кылуу процессинде пилоттук түрдө колдонулган. Натыйжалар көрсөткөндөй, көпчүлүк окуучуларда негизги социалдык-эмоционалдык көндүмдөрдүн базалык деңгээли (50-59 %) аныкталган, өзгөчө өнүктүрүүнү талап кылган багыт катары максат коюу жана ага жетүү көндүмдөрү белгиленген. СЭӨ менен академиялык жетишкендиктердин ортосунда оң корреляция байкалган, ал кыргыз выборкасында орус выборкасына караганда жогору болгон. Адаптацияланган инструменттер иш жүзүндө колдонууга жарактуу экендигин көрсөттү, бирок этномаданий жактан дагы өркүндөтүүнү талап кылат. Иштин практикалык мааниси – психологдорго, мугалимдерге, методисттерге жана билим берүү программаларынын түзүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын мектептеринде СЭӨ элементтерин интеграциялоо үчүн ыкмаларды берүүдө турат. Бул билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана инсандык өнүгүүгө өбөлгө түзөт

Негизги сөздөр

методология; инсандык потенциалды өнүктүрүү; билим берүү уюмдары; мектеп окуучулары; пилоттук изилдөө

Колдонулган булактар

  1. Academic Self-Regulation Questionnaire (SRQ-A). (n.d.). Retrieved from https://selfdeterminationtheory.org/wp-content/uploads/2022/02/SRQ-A_17item.pdf.
  2. American Sociological Association (ASA). (2018). Code of ethics. Retrieved from https://www.asanet.org/wp-content/uploads/asa_code_of_ethics-june2018a.pdf.
  3. Brill, K., McGuinness, C., & Nordstokke, D. (2025). Relations between a social emotional learning (SEL) program and changes in resilience, self-esteem, and psychological flourishing in a youth sample. Discover Mental Health, 5, article number 43. doi: 10.1007/s44192-025-00173-x.
  4. Durlak, J.A., Weissberg, R.P., Dymnicki, A., Taylor, R.D., & Schellinger, K.B. (2011). The impact of enhancing students’ social and emotional learning: A meta-analysis of school-based universal interventions. Child Development, 82(1), 405-432. doi: 10.1111/j.1467-8624.2010.01564.x.
  5. Dweck, C.S. (2000). Self-theories: Their role in motivation, personality, and development. Hove: Psychology Press.
  6. Education and Social Progress (ESP). (n.d.). Retrieved from https://diagnostics.vbudushee.ru/material/27#heading-86.
  7. Farina, E., Ornaghi, V., & Pepe, A. (2025). School burnout and well-being in adolescence: Trait emotional intelligence as a protective factor. Trends in Psychologydoi: 10.1007/s43076-025-00465-9.
  8. Gordeeva, T.O. (2022). Motivation of 21st-century schoolchildren: Practical advice. Moscow: Foundation “Investment in the Future”.
  9. Gordeeva, T.O., Sychev, O.A., Gizhitsky, V.V., & Gavrichenkova, T.K. (2017). Scales of intrinsic and extrinsic academic motivation of schoolchildren. Psychological Science and Education, 22(2), 65-74. doi: 10.17759/pse.2017220206.
  10. Haynes, N.M. (2025). Social and emotional learning (SEL) as a grounded theory of human learningdoi: 10.13140/RG.2.2.13190.89924.
  11. Investment in the Future. (n.d.). Retrieved from https://vbudushee.ru/en/.
  12. Leontiev, D.A. (2011). New guidelines for understanding personality in psychology: From the necessary to the possible. In Personal potential: Structure and diagnostics (pp. 12-41). Moscow: Smysl.
  13. Leontiev, D.A. (2023). Personal potential: The optics of psychology. Educational Policy, 2(94), 20-31.
  14. Lin, J., Zhang, L., & Kuo, Y.-L. (2024). The role of social-emotional competencies in interpersonal relationships: A structural equation modeling approach. Frontiers in Psychology, 15, article number 1360467. doi: 10.3389/fpsyg.2024.1360467.
  15. Martinez-Yarza, N., Santibáñez, R., & Solabarrieta, J. (2023). A systematic review of instruments measuring social and emotional skills in school-aged children and adolescents. Child Indicators Research, 16, 1475-1502. doi: 10.1007/s12187-023-10031-3.
  16. Min, H.J., Park, S.-H., Lee, S.-H., Lee, B.-H., Kang, M., Kwon, M.J., Chang, M.J., Negi, L.T., Samphel, T., & Won, S. (2024). Building resilience and social-emotional competencies in elementary school students through a short-term intervention program based on the SEE learning curriculum. Behavioral Sciences, 14(6), article number 458. doi: 10.3390/bs14060458.
  17. Moffitt, T.E., et al. (2011). A gradient of childhood self-control predicts health, wealth, and public safety. Proceedings of the National Academy of Sciences, 108(7), 2693-2698. doi: 10.1073/pnas.1010076108.
  18. Palamarchuk, O.M., & Korotsinska, Yu.A. (2020). Technologies for the development of emotional self-regulation in young people. Scientific Bulletin of Mukachevo State University. Series “Pedagogy and Psychology”, 6(1), 175-181. doi: 10.52534/msu-pp.6(1).2020.175-181.
  19. Shi, L., Granlund, M., Zhao, Y., Hwang, A.W., Kang, L.J., & Huus, K. (2020). Transcultural adaptation, content validity and reliability of the instrument ‘Picture My Participation’ for children and youth with and without intellectual disabilities in mainland China. Scandinavian Journal of Occupational Therapy, 28(2), 147-157. doi: 10.1080/11038128.2020.1817976.
  20. Taylor, G.J., & Bagby, R.M. (2012). The alexithymia personality dimension. In T.A. Widiger (Ed.), The Oxford handbook of personality disorders (pp. 648-673). Oxford: Oxford University Press. doi: 10.1093/oxfordhb/9780199735013.013.0030.
  21. Taylor, R.D., Oberle, E., Durlak, J.A., & Weissberg, R.P. (2017). Promoting positive youth development through school-based social and emotional learning interventions: A meta-analysis of follow-up effects. Child Development, 88(4), 1156-1171. doi: 10.1111/cdev.12864.
  22. UNESCO. (2025). International initiative “Empowering: Education for health and well-being in a personality-developing educational environment”. Results and prospects of cooperation. Retrieved from https://iite.unesco.org/ru/news/mezhdunarodnaya-initsiativa-rasshiryaya-vozmozhnosti-obrazovanie-dlya-zdorovya-i-blagopoluchiya-v-lichnostno-razvivayushhej-obrazovatelnoj-srede-itogi-i-perspektivy-sotrudnichestva/.
  23. Yasvin, V.A. (2018). Research on the educational environment in Russian psychology: From methodological discussions to empirical results. News of Saratov University. New Series. Series: Philosophy. Psychology. Pedagogy, 18(1), 80-90.
  24. Yasvin, V.A. (2019). The school environment as an object of measurement: Expertise, design, management. Moscow: Narodnoe Obrazovanie.
  25. Zins, J.E., Weissberg, R.P., Wang, M.C., & Walberg, H.J. (Eds.). (2004). Building academic success on social and emotional learning: What does the research say? New York: Teachers College Press.