ISSN 1694-8033 (Print) ISSN 1694-8025 (Online)

«Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Жарчысы» – бул ачык мүмкүнчүлүккө ээ илимий рецензияланган журнал, ал ар кайсы өлкөлөрдүн авторлорунун оригиналдуу изилдөөлөрүн, теориялык жана сереп макалаларын жарыялайт. «Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Жарчысы» журналынын максаты – илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, глобалдык жана актуалдуу илимий көйгөйлөргө ар кандай көз караштарды чагылдыруу жана келечегин талдоо. Журнал төмөнкү негизги тематикалык багыттар боюнча материалдарды жарыялайт: педагогика; психология; билим берүү социологиясы. Бул тууралуу кененирээк маалымат төмөнкү бөлүмдө: Максаттар жана көйгөйлөр.

Журнал жалпы коомдук прогресс үчүн илимий маалыматты эркин жайылтуу жана глобалдык билим алмашуу принциптерин колдогон ачык мүмкүнчүлүк саясатын карманат. Демек, анын бардык мазмунун колдонуучулар акысыз көрө алышат. Бул тууралуу кененирээк маалымат Ачык мүмкүндүк алуу саясаты бөлүмдө жайгаштырылган. Журналдын илимий макалаларына толук тексттик мүмкүнчүлүк Архив бөлүмдө берилген.

Басылманын уюштуруучусу: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети.

Чыгаруучу: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети.

Басмакананын сайтындагы журналдын сайтына шилтеме: https://www.knu.kg/ky/.

Мамлекеттик каттоо: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин каттоо күбөлүгү №1530 15.05.2009.

Негизделген жылы: 2009

Чыгаруунун мезгилдүүлүгү: жылына 4 жолу.

Басылма тили: англисче.

Башкы редактор: Догдурбек Чонтоев.

Башкы редактордун орун басары: Мырзабек Камчыбек уулу.

Илимий журналдын редакциялык кеңешинин курамына белгилүү окумуштуулар кирген. Толук курамы тууралуу маалымат Редакциялык Кеңеш бөлүмдө жайгашкан.

Бардык материалдар башкаларга чыгарманын авторлугун таануу менен кол жазманы жайылтууга жана бул журналда биринчи жолу жарыялоого мүмкүндүк берген Creative Commons Attribution 4.0 International Public License, лицензиясынын шарттарында жайылтылат.

Журнал Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан сунушталган, КР ЖАКтын Президиумунун №126, 26.05.2016 токтому менен, Россиялык илимий цитаталоо индексинин системасына (РИНЦ) (Лицензиялык келишим №03.01.2016-ж. чейин 13.01.2016) киргизилген.