Кызыкчылыктардын кагылышы
Журнал басма процесси объективдүү жана ачык-айкын болушун камсыз кылууга умтулат, ошондуктан бардык авторлор, рецензенттер жана редакторлор мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышын (конфликт интересов) декларациялоого милдеттүү. Бул саясат кызыкчылыктардын кагылышы изилдөөлөрдүн жыйынтыгына жана макаланы жарыялоо боюнча чечим кабыл алуу процессине таасир этпеши үчүн иштелип чыккан.
Авторлордун кызыкчылыктарынын кагылышы
Авторлор макаланы тапшыруу учурунда бардык мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышын билдирүүгө тийиш. Бул каржылык байланыштарды (мисалы, түздөн-түз жумушка алынуу, гонорар алуу, компаниялардагы үлүш, патенттердин автору болуу) жана каржылык эмес факторлорду (мисалы, жеке байланыштар, академиялык атаандаштык, идеологиялык же диний көз караштар) камтыйт.
Бардык конфликттер так көрсөтүлүүгө тийиш, андыктан окурмандар авторлордун кандайдыр бир жакка жан тартып, калыссыздыкты сактоо маселесин баалай алышы керек. Мындай маалымат макаланын аягында "Кызыкчылыктардын кагылышы" бөлүмүндө жарыяланат. Эгерде мындай конфликттер жок болсо, анда "Жок" деп белгиленет.
Рецензенттердин кызыкчылыктарынын кагылышы
Рецензенттер кол жазманы объективдүү баалоосуна таасир этиши мүмкүн болгон бардык конфликттерди декларациялоого тийиш. Эгерде төмөнкү жагдайлар болсо, алар редакцияга дароо билдириши керек:
- Автор(лор) же изилдөөгө тартылган уюм(дар) менен каржылык же жеке байланыштары бар.
- Рецензияланган макала алардын жеке изилдөөсү менен түздөн-түз атаандаштыкта турат.
- Достук, атаандаштык ж.б. сыяктуу жеке кызыкчылыктар же субъективдүү мамилелер объективдүү баалоого тоскоолдук кылышы мүмкүн.
Эгерде мындай конфликт аныкталса, рецензенттер кол жазманы карап чыгуудан баш тартууга тийиш.
Редакторлордун кызыкчылыктарынын кагылышы
Редакторлор дагы макалалар боюнча калыс чечим кабыл алуу жөндөмүнө таасир эте турган мүмкүн болгон конфликттерди ачык айтуу милдетине ээ. Редактор төмөнкү учурларда макаланы кароодон баш тартууга тийиш:
- Автор(лор) же уюм(дар) менен каржылык, жеке, академиялык же башка байланыштар бар жана бул конфликт жаратат.
- Макаланын автор(лор)у менен биргелешип авторлук кылган же алар менен бир эле мекемеде иштейт.
- Анын катышуусу субъективдүү же калыс эмес деп кабыл алынышы мүмкүн.
Мындай учурларда редактор макаланы башка редакторго өткөрүп берүүгө же көз карандысыз экспертти тартууга тийиш.
Журнал кызыкчылыктардын кагылышын ачык-айкын жарыялоону камсыз кылат. Бул маалымат ар бир макаланын аягында көрсөтүлөт. Басма процессине катышкан бардык тараптар (авторлор, рецензенттер, редакторлор) бул саясатты сактоого милдеттүү, анткени ал илимий коммуникациянын адилеттүүлүгүн жана объективдүүлүгүн камсыз кылат.