Аннотация

Макаланын максаты региондук ӛнүгүүнү камсыз кылууда, атап айтканда, бул процесстерди жӛнгӛ салуунун жаңы аймактык механизмдерин киргизүү аркылуу инвестициялык активдүүлүктү жогорулатууда кластерлердин ролун изилдӛӛ болуп саналат. Макала региондорду ӛнүктүрүүнүн инновациялык жана инвестициялык компонентинин маанилүүлүгүн аныктайт. Бүгүнкү күндӛ туруктуу экономикалык ӛсүштү камсыз кылуу жана аймактын эффективдүүлүгүн жогорулатуу стандарттуу ыкмаларды жана инструменттерди колдонуу менен гана ишке ашпайт. Ӛндүргүч күчтӛрдүн мейкиндик уюмун түзүү аркылуу экономикалык интеграциянын эффективдүү формаларынын бири, бир эле экономикалык аймактын чегинде кластердик түзүлүштӛрдү ӛнүктүрүү болуп саналат. Курулуш сыяктуу социалдык объектилердин аймактык кластерин түзүүнүн маанилүүлүгү кароого сунушталууда. Алардын жалпысынан региондорду жана ӛзгӛчӛ аны менен байланышкан тармактарды ӛнүктүрүү үчүн мааниси каралат. Жаңы турак жайларды курууга инвестицияларды ӛздӛштүрүү жана тиешелүү шаардык инфраструктураны ӛнүктүрүүдӛ салыктык кирешелерди жергиликтүү бюджетке кайтаруунун модели сунушталууда

Негизги сөздөр

экономика; инновация; кластер; инвестиция; статистика; региондук экономикалык ӛнүгүү

Колдонулган булактар

  1. Koichuev, T. (2019). Socio-economic development of the Kyrgyz Republic. News of Universities3-4, 98.
  2. Kupuev, P.K., & Obdunov, E. (2019). Food security: Realities and prospects in the Kyrgyz Republic. Bishkek: Ilim.
  3. Tax Code of the Kyrgyz Republic. (2021). In Collection of normative acts: Taxes and taxation in the Kyrgyz Republic. Bishkek: Toktom Information Center.
  4. Kupuev, P., & Toktomamatov, K.Sh. (2012). Transitional period: Realities and prospects of economic development of the Kyrgyz Republic. Jalal-Abad.
  5. Kupuev, P.K. (1995). Guide to small and medium business. Osh.
  6. Tashkulova, G.K. (2015). Opportunities for the development of the credit market in the Kyrgyz Republic. Bishkek.
  7. Akipress. (n.d.). Retrieved from http://www.akipress.kg.
  8. Cbtkyrgyzstan. (n.d.). Retrieved from http://www.cbtkyrgyzstan.kg.
  9. Kabar. (n.d.). Retrieved from http://www.kabar.kg.
  10. Alamanova, Ch.B. (n.d.). Innovative development of the Kyrgyz Republic and the circular economy. Bulletin of KNU, Special Issue, 317-322.