Аннотация
Макалада жалпы билим берүүчү орто мектептин маалыматтык билим берүү чөйрөсү, анын айрым компоненттери жана бүтүндөй түзүмү, Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартында белгиленген МБЧ ге карата талаптар жана аны түзүүнүн принциптери мүнөздөлөт. Окуу процессинде МБЧ бир эле учурда заманбап окуу процессинин шарты катары, ошол эле учурда жаңы билим берүү системасын калыптандыруунун каражаты катары кызмат өтөөрү далилденген. Ал төмөнкүлөрдү камсыз кылган заманбап маалыматтык технологияларга негизделгени белгиленет: маалыматтык ресурстук базанын тез өсүшү, ар түрдүү маалыматтык ресурстарга эркин жеткиликтүүлүк, алыстык, мобилдүүлүк, интерактивдүүлүк, ар кандай процесстерди жана кубулуштарды моделдөө жана жандандыруу мүмкүнчүлүгү. МБЧ жана МКТ ортосундагы айырмачылыктар каралат. Айылдык мектептин МБЧ инин калыптанышына тоскоол болгон факторлор көрсөтүлүп, аны калыптандыруунун өнүгүү перспективалары чагылдырылган
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
-
Andreev, A.A. (2002). Higher education pedagogy. Moscow: MESI.
-
Belyaev, G.Yu. (2000). Pedagogical characteristics of the educational environment in various types of educational institutions. Moscow: ICKPS.
-
Slobodchikov, V.I. (1997). Educational environment: Implementation of educational goals in the space of culture. In New values of education: cultural models of schools (Issue 7, pp. 177-184). Moscow.
-
Yasvin, V.A. (1997). Educational environment: From modeling to design. Moscow: Central Scientific and Methodological Library of the Russian Academy of Education.