Аннотация
Билим берүү системасынын бирден бир негизги кыймылдаткыч күч педагогикалык кадрларды даярдоо тармагы болуп саналат. Себеби дүйнӛ жүзүндӛгү калктын тӛрттӛн бир бӛлүгүнүн билим берүү системасы менен түздӛн түз байланышы бар. Бул учурда мугалимдин коомдо ээлеген орду канчалык экендиги ӛзүнӛн ӛзү кӛрүнүп турат. Мугалимдин ролу аны даярдоонун теориялык жана практикалык жагдайларына кӛз каранды. Ушуга ылайык макалада педагогикалык билим берүүнүн илимий-теориялык жактан изилденишине талдоо жүргүзүү максаты коюлду. Ага ылайык изилдӛӛнүн жүрүшүндӛ тӛмӛнкү милдеттер чечилди: мугалимди даярдоо маселесине арналган изилдӛӛлӛргӛ талдоо жүргүзүү; педагогикалык билим берүүнү жаңылантуу процессинде алардын мазмундук классификациясын бӛлүп кӛрсӛтүү. Коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн изилдӛӛ боюнча алгачкы булактарды иликтӛӛ, педагогикалык идеяларды талдоо методдору колдонулган. Изилдӛӛнүн натыйжасында болочок мугалимди даярдоо боюнча жаңыча идеялар бӛлүп каралып, педагогикалык билим берүүнү модернизациялоодогу орду ачыкталды. Изилдӛӛнүн жыйынтыктары педагогикалык адистерди даярдоо системасынын теориялык жагдайларын иликтӛӛдӛ таяныч материал боло алат
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
[1] Husserl, E. (1991). Phenomenology (Article in the Encyclopædia Britannica, Introduction, translation and notes by V.I. Molchanov). Logos, 1, 12-21.
[2] Aranovskaya, I. (2002). Training of specialists as a sociocultural problem. Higher Education in Russia, 4, 115-119.
[3] Dvoryankina, E.K. (2007). Professional training of future teachers at university as a pedagogical problem. Modern Problems of Science and Education, 5, 47-51.
[4] Sulaymanova, R.T. (2021). Theoretical research on the issue of teacher training in Kyrgyzstan. Bulletin of J. Balasagyn Kyrgyz National University, 4(108), 53-58.
[5] Kaldybaeva, A.T., & Sulaymanova, R.T. (2023). Trends and challenges of modern education in Kyrgyzstan. Bulletin of J. Balasagyn Kyrgyz National University, 2(114), 43-50.
[6] Sulaymanova, R.T., & Nurbayeva, A. (2023). People’s teachers of the Kyrgyz Republic. Bulletin of J. Balasagyn Kyrgyz National University, 2(114), 64-68.