Аннотация

Учурдагы татаал жана карама-каршы тенденцияларга толгон дүйнөдө экологиялык көйгөйлөр глобалдык масштабга өткөндүгү баарыбызга маалым. Мындай абалды мүнөздөөдө жаратылышта окуучуларга табият кубулуштарын өз алдынча байкоону уюштуруу боюнча мектеп программасын жана алардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен элдик педагогиканын негизинде даярдалган атайын тапшырмалардын тарбиялык таасири өтө зор экендигин авторлор баяндашты. Макалада авторлор окуучулардын эстетикалык жактан кабылдоо жөндөмдүүлүгүн өстүрүү максатында табият жөнүндөгү кыргыз акынжазуучуларынын ырларын жана аңгемелерин окуу уюштуруу, класстык табият таануу бурчтарын жасалгалоо, өз чыгармаларында туулган жердин сулуулугун даңазалаган композиторлор, сүрөтчү-пейзажисттер тууралуу аңгемелешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө белгилешти. Элдик педагогиканын каражаттарын класстан сырткаркы ишмердүүлүктө пайдалануу анын мазмундук жагын күчөтүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Окуучулардын курчап турган чөйрөнүн сулуулугун кабылдоо жөндөмдүүлүгүн калыптандырууда жана табиятка кылдат мамиле жасоого мугалимдин үйрөтүү иштери өзгөчө мааниге ээ болоору тастыкталды. Макаланын корутунду бөлүгүндө башталгыч класстын окуучуларына экологиялык тарбия берүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарууда табият таануу жумалыгы, токойлорду, бактарды коргоо боюнча атайын ишембиликтерди, конкурстарды, кечелерди, көргөзмөлөрдү ж.б.д.у.с. класстан сырткаркы иш-чараларды өткөрүү зарылдыгы жазылды

Негизги сөздөр

башталгыч мектеп, экологиялык тарбиялоо, класстан сырткаркы иштер, элдик педагогика, экскурциялар, табият кубулуштары, кыргыз жаратылышы, эмгекке тарбияолоо

Колдонулган булактар

  1. Ablabekova, Zh.K. (2010). Pedagogical foundations of forming initial ecological concepts in primary school students. (PhD in Pedagogical Sciences dissertation, Bishkek, Kyrgyz Republic).

  2. Alimbekov, A. (2001). Educational traditions of the Kyrgyz people. Bishkek. 

  3. Bayyshova, G.Zh. (2010). Scientific foundations of ecological education through folk traditions in extracurricular activities of primary school students. (PhD in Pedagogical Sciences dissertation, Bishkek, Kyrgyz Republic).

  4. Dyushonbayev, P., & Dyushonbayev, M. (2005). Ecological ethics of Chyngyz Aitmatov. Bishkek: Sham. 

  5. Bekboev, I. (2011). Theoretical and practical issues of person-oriented teaching technology. Bishkek: Biiktik.

  6. Mursaliev, A.M., Niyazov, T.Z., & Shamshiev, A.B. (2010). General ecology. Bishkek: Turar. 

  7. Dölötbakova, R.Zh., Dumanayev, M.G., & Karolova, A.M. (2022). State language and environmental law. Bulletin of J. Balasagyn Kyrgyz National University, 1(109), 72-78.

  8. Rysbayev, S.K. (2006). Pedagogy of Kyrgyz students’ folklore: A textbook for students of pedagogical universities. Bishkek: Bilim Kutu.

  9. Iptarov, S., & Kulmatov, N. (2000). Knowledge of ethics: A methodological guide. Bishkek.

  10. Jumataeva, A.S. (2020). Theoretical foundations of intergenerational relations. Bulletin of the Kyrgyz-Russian Slavic University, 20(2), 172-177.