ISSN 1694-8033 (Print) ISSN 1694-8025 (Online)
Башкы редактор

Гульмира Карабалаева

Педагогика илимдеринин доктору, профессор

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети

Биография

Карабалаева Гульмира Таштановна – педагогика илимдеринин доктору, профессор, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун Жогорку мектеп педагогикасы кафедрасынын башчысы.

1987-жылы Фрунзе орус тили жана адабияты педагогикалык институтун «Орус тили жана адабияты» адистиги боюнча аяктаган. 1991–1993-жылдары Кыргыз улуттук университетинин педагогика кафедрасында аспирантурада окуган, 2000-2002-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасында докторантурадан өткөн. 2003-2005-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда «Психология жана социалдык иш» адистиги боюнча кошумча билим алган.

Педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы 2016-жылы, профессор окумуштуулук наамы 2025-жылы ыйгарылган. Г. Т. Карабалаеванын кесиптик ишмердүүлүгү Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен байланышкан. Бул мекемелерде ал окутуучу, ага окутуучу, доцент, профессор, декандын орун басары, директордун орун басары, декан жана кафедра башчысы кызматтарында иштеген.

Анын илимий кызыкчылыктары жогорку окуу жайларындагы тарбия жана билим берүү, үй-бүлөлүк тарбия, көп маданияттуу билим берүү, кош тилдүүлүк жана көп тилдүүлүк, ошондой эле инклюзивдүү билим берүү маселелерин камтыйт. Ал жарандык тарбия, педагогикалык багыттар боюнча PhD докторлорун даярдоону илимий-методикалык жактан камсыздоо, окутуучулардын инновациялык-долбоордук компетенттүүлүгүн калыптандыруу, Кыргыз Республикасында инклюзивдүү жогорку билим берүүнү өнүктүрүү жана болочок педагогдорду үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө даярдоо боюнча илимий гранттарга катышкан.

Г. Т. Карабалаева 185тен ашык илимий жана окуу-методикалык эмгектердин автору. Алардын катарына РИНЦ, Scopus жана Web of Science базаларында индекстелген макалалар, эки монография, «Көп маданияттуу билим берүү» окуу китеби, жогорку мектеп педагогикасы, инклюзивдүү билим берүү, студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү технологиялары жана башка багыттар боюнча окуу куралдары кирет. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ал Scopus базасындагы жогорку рейтингдүү журналдардагы жарыяланымдары үчүн Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эң мыкты 15 окутуучусунун катарына кирген.

Ал улуттук жана эл аралык билим берүү уюмдарында илимий стажировкалардан, квалификацияны жогорулатуу курстарынан жана тренингдерден өткөн. Алардын арасында Гарвард университетинин, Балтика эл аралык академиясынын, Ага Хан эл аралык фондунун, CRDF Global уюмунун программалары, ошондой эле Германия, Латвия, Россия жана Кыргызстандагы билим берүү программалары бар.

Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Илимдин отличниги» жана «Билим берүүнүн отличниги» наамдары жана төш белгилери, «Ж. Баласагын атындагы КУУнун эмгек сиңирген кызматкери» наамы, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ардак грамоталары менен сыйланган.