Аннотация

Макалада жаңы чӛйрӛгӛ кабылган кыргыз мигранттарынын социалдык-психологиялык кӛйгӛйлӛрү чагылдырылган. Натыйжалуу социалдык адаптациялоо процессин бузган негизги кӛйгӛйлӛр белгиленди. Заманбап психологияда социалдык-психологиялык адаптация феномени кӛбүнчӛ саясий, эмгек, билим берүү миграциясынын жүрүшүндӛ пайда болгон маданияттар аралык жана улуттар аралык ӛз ара аракеттенүүнүн кыйынчылыктарына байланыштуу изилденген. Мигранттардын жашоосунун кыйла узак бӛлүгү жүргүзүлүп жаткан ӛлкӛнүн жаңы чӛйрӛсүнӛ ыңгайлашуу процессин белгилӛӛ үчүн кӛбүнчӛ "социалдык-маданий адаптация"термини колдонулат. Кыргызстандык мигранттардын социалдык - психологиялык проблемаларынын эң башкысы-Кыргызстандан чыгып кеткен мигранттардын жӛнгӛ салынбаган статусу жана сабаттуулугунун тӛмӛндүгү. Кӛп учурда эмгек мигранттары, кул соодагерлеринин барымтага алуу, эмгек эксплуатациясынын ар кандай чӛйрӛлӛрүндӛ калышат. Миграциянын башталышында айыл жергесинен чыккан жаш мигранттардын адаптацияланбаган шаардык чӛйрӛдӛ узак болуусу, тил тоскоолдуктары, баарлашуу менен байланышкан социалдык – психологиялык кӛйгӛйлӛрдү жаратат, адаптациялоонун натыйжасында алардын кӛз караштарына, баалуулук ишенимдерине жана багыттарына, жашоо образына ар кандай таасир тийгизет

Негизги сөздөр

миграция; кыргызстандык мигранттар; социалдык-психологиялык кӛйгӛйлӛр; жаңы мейкиндик; социалдык адаптация

Колдонулган булактар

[1] Abachenkov, V.I. (2006). The problem of adaptation of Kyrgyz labor migrants. Bulletin of Novosibirsk State University. Series: History, Philology. Archaeology and Ethnography, 5(3), 93-97.

[2] Apsamatova, E.D., & Stempkovskaya, E.K. (2024). Identity crisis among youth and the search for meaning in life. Bulletin of Kyrgyz National University, 2(118), 94-100.

[3] Assessment of the socio-economic problems of returning labor migrants and compatriots in the Kyrgyz Republic: Report based on research results. (2009). Bishkek.

[4] Kyrgyz in Russia – Russia's new ethnic group. (2014). Retrieved from http://rus.kg/news_rus/cccr_rus/23917-novyy-etnos-rossii-rossiyskie-kyrgyzy.html.

[5] Stefanenko, T.G. (2004). The science of ethnopsychology. Moscow: Aspect Press.