Аннотация

Макалада окутуунун предметтик натыйжаларына билим берүүнүн Мамлекеттик стандартынын жана окуу программанын коюлган талаптарына ылайык жалпы орто билим берүүчү мектепте табигый-илимий билим берүүнүн негизги милдеттери ачыкталган. Табигый предметтердин материалын сапатуу ɵздɵштүрүү үчүн керектүү болгон негизги математикалык түшүнүктɵр менен усулдардын ролу жана маанисине авторлор кɵңүл бурушту. Географияны окутууда морфометрия бɵлүмү мисалында предметтер аралык байланыштарды пайдалануунун негизги жоболору аныкталды. Физикалык географиянын окутууу технологиясын жетилтүү үчүн усулдук сунуштар келтирилди. Заманбап билим берүүнүн ɵнүгүшүндɵ ар кайсыл илимий аймактардан билимдерди бириктирүүнүн тенденциясы байкалууда, анткени бир нече багыттардын кошулушунда гана айланадагы дүйнɵнүн бүтүндүү элестетүү калыптанат, таанып-билүүнүн жаңы горизонттору ачыла баштайт. Мындай интеграциялоонун процесси мектепте билим берүүнүн зарыл компонети болуу менен окутууда предметтер аралык байланыш принциби аркылуу пайдаланууда жүзɵгɵ ашырылат

Негизги сөздөр

табигый-илимий билимдер; география; физика; математика; предметтер ортолук байланыштар; морфометрия; жүзɵгɵ ашыруу усулдугу

Колдонулган булактар

[1] Maatkerimov, N.O., Ukeleeva, A.Z., & Urmatova, G. (2020). Use of information and computer technologies in teaching natural sciences to school students. Alatoo Academic Studies, 3, 98-108.

[2] Matrusov, I.S. (1986). Theory and practice of linking geography education with life. (Doctoral dissertation, Moscow, Russian Federation).

[3] Geography. Curriculum for general education schools: Grades VI-XI. (2018). Bishkek: Okuu Kitebi.

[4] Orozbaeva, N.O., Baydinov, T.B., & Sapalova, S.A. (2020). Teaching chemistry with a focus on geography, ecology, and tourism specialties. Bulletin of J. Balasagyn Kyrgyz National University, Special Issue (S), 103-107.

[5] Egamberdieva, A.A., & Zhilchieva, D.S. (2023). Increasing school graduates’ interest in higher education. Bulletin of Kyrgyz National University, 2(114), 72-77.

[6] Gudimova, A.N., & Cherednikova, N.V. (2023). Individualization of teaching mathematics as a means of improving the level of universal learning activities. Bulletin of Kyrgyz National University, 2(114), 78-84.