Аннотация
Кытай тилинин пассивдик сүйлӛмдӛрүн үйрӛнүүдӛ чет ӛлкӛлүк студенттердин эң кеңири таралган кӛйгӛйү — Белгисиз пассивдик сүйлӛмдӛрдү ―被‖ иероглифтүү сүйлӛмдӛр катары жаңылыш колдонуу. Белгисиз пассивдик сүйлӛмдӛр жана ―被‖ иероглифтүү сүйлӛмдӛр боюнча буга чейин кӛптӛгӛн изилдӛӛлӛр болгону менен, алардын эч бири студенттердин жаңылыш колдонуу кӛйгӛйүн толук чече алган эмес. Бул макала салыштырмалуу тил илими, жаңылыштыкты анализдӛӛ теориясы, семантика сыяктуу теорияларды жана ыкмаларды колдонуп, белгисиз пассивдик сүйлӛмдӛрдүн жана ―被‖ иероглифтүү сүйлӛмдӛрдүн этиштеринин ӛзгӛчӛлүктӛрүн жана семантикалык белгилерин тактап, Пекин университетинин CCL заманбап кытай тилинин корпусу негизинде《Долбоор》А деңгээлиндеги 282 этишти классификациялаган. Алар тек белгисиз пассивдик сүйлӛмдӛргӛ гана кире алган этиштер, тек ―被‖ иероглифтүү сүйлӛмдӛргӛ гана таандуу этиштер, эки түрдүү сүйлӛмгӛ тең таандуу этиштер, эки түрдүү сүйлӛмгӛ тең таандуу болбогон этиштер болуп тӛрт топко бӛлүнгӛн. Чет ӛлкӛлүк студенттердин белгисиз пассивдик сүйлӛмдӛрдү ―被‖ иероглифтүү сүйлӛмдӛр катары жаңылыш колдонушунун себептерин этиштердин тургусунан анализдеген. Бул изилдӛӛ студенттердин мындай жаңылыштыктарын жакшыраак чечүүгӛ жардам бере алат
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
[1] Office of the National Chinese Language Teaching Committee. (1992). Outline of Chinese proficiency vocabulary and characters. Beijing: Beijing Language Institute Press.
[2] Wang, C. (1998). Unmarked passive sentences and types of verbs. Chinese Language Learning, 5, 15-19.
[3] Lü, W. (2008). Exploring grammar in teaching Chinese as a foreign language. Beijing: Beijing Language University Press.
[4] Xu, D. (2004). Introduction to Chinese syntax. Beijing: Beijing Language University Press.
[5] Fan, X. (2006). Semantic features of predicative verbs in "被" sentences. Changjiang Academic Journal, 2, 79-89.
[6] Lu, J. (2004). Several issues regarding passive sentences. Journal of Chinese Linguistics, 2, 9-16.