Аннотация

Макалада кылдуу жаачан музыкалык аспабына жана анын бөлүктөрүнө байланыштуу атоолордун лексика-семантикалык өзгөчөлүктөрү каралды. Эмгектенүүнүн натыйжасында жаралган музыкалык аспаптын башка элдерде ар түрдүү аталыштар менен тарагандыгы берилди. Ошондой эле ансамблдик жана оркестрлик аткаруучулукка негизделген кыяктын өркүндөтүлгөн түрлөрүнүн аталыштары тууралуу маалыматтар камтылды. Атоолордун адамдын анатомиясында, күнүмдүк турмуш-тиричиликте колдонулган буюмдардын бөлүктөрүндө учураган сөздөрдө да кездеше тургандыгы айкындалды. Кылдуу жаачан музыкалык аспабына тиешелүү тилдик каражаттардын аңчылык жана саймачылык лексикасында да пайдаланыла тургандыгы аныкталды. Атоолордун келип чыгышы салыштыруу жана окшоштурууга байланыштуу экендиги чечмеленди. Кыргыз элинин улуттук кылдуу жаачан музыкалык аспабынын кыргыз элинин жашоосундагы ээлеген ордуна токтолуу менен аткарган функциясына, формасына карата аталып калгандыгы белгиленди

Негизги сөздөр

кылкыяк, музыкалыкаспап, чара, баш, капкак, кулактары, тепке, жаа, кыл, музыка

Колдонулган булактар

  1. Biyaliev, A. (1967). Kyrgyz–Russian dictionary of hunting terms. Frunze: Ilim.

  2. Dzhanizade, T.M. (2013). Musical culture of Russian Turkestan: Based on the ethnographic musical collection of August Eichhorn, military bandmaster in Tashkent (1870-1883): Catalog-study. Moscow: VMO MK im. M.I. Glinka.

  3. Kruntiaeva, T., Molokova, N., & Stupel, A. (1977). Dictionary of foreign musical terms (2nd ed.). Leningrad: Muzyka.

  4. Akmataliev, A. (Ed.). (2019). Explanatory dictionary of the Kyrgyz language (KTTС). Part I. Bishkek: Poligrafbumresursy.

  5. Akmataliev, A. (Ed.). (2019). Explanatory dictionary of the Kyrgyz language (KTTС). Part II. Bishkek: Poligrafbumresursy.

  6. Kashgari, M. (2011). Dictionary of Turkic languages (Vol. 1). Bishkek.

  7. Yesipova, M.V., Frayonova, O.V., & Neklyudov, Y.I. (Eds.). (2008). Musical instruments: Encyclopedia. Moscow: Deka-VS.

  8. Subanaliev, S. (1989). Genesis of the term “kyiak” (Towards the complex study of Kyrgyz instrumental folklore). In I.I. Zemtsovsky (Ed.), Folk music: History and typology. In memory of Prof. E.V. Gippius (1903-1985). Leningrad: LGITMiK.

  9. Usmambetov, B.Zh. (2010). Origin and lexico-semantic features of words related to material culture in the Kyrgyz language: A textbook. Bishkek: BSU.

  10. Shakenbaeva, G.K. (2010). Lexicon of the embroidery art in the Kyrgyz language. (PhD in Philological Sciences dissertation, Bishkek State University, Bishkek, Kyrgyz Republic).