Аннотация
Туңгуч филолог окумуштуу Т.Саманчин өзүнүн “Колониялык доордогу биздин адабият” деген изилдөөсүндө 19-кылымдан Октябрь революциясына чейинки кыргыз элинин көркөм чыгармачылыгына мүнөздөмө берип, кеңири талдоого алган. Ал өзүнүн талдоосунда ырчылык өнөрдүн синкреттүүлүгү жана акындын коомдогу полифункционалдуулугу тууралуу изилдөө жүргүзгөн. Ал эми биздин макалада жогорудагы изилдөөнүн кыйла терең, таамай, кенен берилгендиги анализге алынды. Т.Саманчиндин изилдөөсүнүн негизинде оозеки поэзиянын жаратылышы музыка менен байланыштуу экендиги, ар бир жанр өзүнө тиешелүү үнү, обону менен ырдалары, оозеки поэтикалык өнөрдүн угуучунун алдында аткарыла тургандыгы аныкталды. Ошондой эле, оозеки поэзиянын элдин тарыхы, мүдөөсү, кайгы-кубанычы менен бирдикте болуп, акын- бул комузчу, обончу, актер, идеолог экендиги чечмеленип, акындык өнөрдүн полифункционалдуулугу такталды. Т.Саманчин акындардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрүнө карай нускоочу акындар, жамакчы акындар, жомокчулар, куудул сөз устаттары деп төрткө бөлгөн. Мындай бөлүштүрүүнүн натыйжасында алардын бирибиринен айырмачылыгы, ортосундагы окшоштуктары, жалпылыктары такталды
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
-
Kydyrbaeva, R.Z., & Asanaliev, K. (2004). Dictionary of terms in Kyrgyz literary studies. Bishkek: Bild.
-
Samanchin, T. (1941). Our literature during the colonial period. Soviet Literature and Art, 5.
-
Great poets (Ketbuka, Asan-Kaigy, Toktogul the Poet, Kalygul, Arstanbek). (2006). Bishkek: Sham.
-
Samanchin, T. (1948). Features of the works of Kyrgyz writers and poets of the late 19th and early 20th centuries. Soviet Kyrgyzstan, 2.
-
Asanaliev, K. (1989). Kyrgyzstan culture.