Аннотация

Бул макалада миграциялык процесстерге байланыштуу, Кыргызстандын калкынын санынын ѳзгѳрүшү тууралуу маалыматтар берилет. Калктын саны негизинен табигый ѳсүштѳн тышкары, миграциялык кыймыл менен байланыштуу азайып же кѳбѳйүп турары белгилүү. Кыргызстандын аймагында жүз жылдан ашык убакыттан бери миграциялык процесстер жүрүп келе жатат, ошолордун натыйжасында республиканын калкы сан жагынан дагы, улуттук курамы боюнча дагы ѳзгѳрүүгѳ душар болуп келген. Советтик доордо Кыргызстанга кѳчүп келүүлѳр басымдулук кылса, республика эгемендүүлүккѳ ээ болгондон кийин тескерисинче массалык түрдѳ кѳчүп кетүүлѳр мүнѳздүү болуп калган

Негизги сөздөр

калктын саны, калктын табигый ѳсүшү, миграциялык процесстер, калктын улуттук курамы, калктын ѳсүү темпи, социалдык-экономикалык абал, демография, экономикалык кризис

Колдонулган булактар

  1. Kudabaev, Z. (Ed.). (2004). Population of Kyrgyzstan. National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic. Bishkek.

  2. National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic. (2017). Kyrgyzstan in the Great Patriotic War: Figures and facts.

  3. Aliev, K. A. (2008). Population reproduction and employment. Bishkek.

  4. Denisenko, M. B. (Ed.). (2011). Population of Kyrgyzstan at the beginning of the 21st century. Bishkek.

  5. Migration in modern Kyrgyzstan. (2011). Bishkek.

  6. National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic. (2008). Kyrgyzstan in figures. Bishkek.

  7. Doolotaliev, Ch. S. (2006). Report on the demographic situation in the Kyrgyz Republic between 2002-2006. Retrieved from https://www.nbkr.kg