Аннотация
Макалада Кыргыз Республикасынын бюджеттик саясатын түзүүгҿ жана ишке ашырууга салыктык келип түшүүлҿрдүн таасири каралат. Салыктык кирешелер мамлекеттик бюджеттин кирешесинин негизги булагы болуп, социалдык, инфраструктуралык жана башка артыкчылыктуу программаларды каржылоону камсыз кылат. Бюджеттик туруктуулукту колдоодо жана социалдык милдеттенмелерди аткарууда, ошондой эле экономикалык туруксуздук шарттарында бюджеттик саясаттын ийкемдүүлүгүндҿ жана ыңгайлашуусунда салыктык кирешелердин ролуна ҿзгҿчҿ кҿңүл бурулду. Салык системасынын негизги проблемалары, анын ичинде кҿмүскҿ экономиканын жогорку деңгээли, салыктык башкаруунун тҿмҿнкү натыйжалуулугу жана ҿсүп жаткан карыздык жүктҿм талданат. Жыйынтыгында салыктык түшүүлҿрдү жогорулатуу боюнча чаралар сунушталды: салыктык базаны кеңейтүү, салыктык башкарууну ҿркүндҿтүү жана салык системасын модернизациялоо. Макаланын корутундулары ҿлкҿнүн финансылык туруктуулугун жана туруктуу социалдык-экономикалык ҿнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн салык реформасынын зарылдыгын баса белгилейт
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
- Ministry of Finance of the Kyrgyz Republic. (n.d.). Retrieved from https://www.minfin.kg.
- Government of the Kyrgyz Republic. (n.d.). Retrieved from https://www.okmot.kg.
- National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic. (n.d.). Retrieved from http://www.stat.kg.
- Ministry of Economy of the Kyrgyz Republic. (n.d.). Retrieved from http://mineconom.gov.kg.
- Ismailov, A.E. (2024). Modern trends in the development of budgetary and tax policy of the Kyrgyz Republic. Bishkek: J. Balasagyn Kyrgyz National University.
- Dzhorobekova, G.A. (2024). Analysis of the tax authorities’ control work on compliance with tax legislation in the Kyrgyz Republic. Bulletin of J. Balasagyn Kyrgyz National University, 2(118), 215-221.
- Rysbaeva, A.K. (2018). Structure and competitiveness of the economy. Bulletin of J. Balasagyn Kyrgyz National University, 1(93), 131-136.