Аннотация

Кыргыз эл оозеки чыгармаларын соңку совет доорунда эл оозунан жыйноо, жарыялоо иштери Кыргызстанда ошол мезгилдеги заман-шартка жараша жүргүзүлүп келген. Айрыкча, 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу областы түзүлүп, ошонун шарапаты менен 1925-жылы башында И.Арабаев, К.Тыныстанов, Б.Данияровдор турган Кыргыз Илим Комиссиясы элдик чыгармаларды жыйноо жана жарыялоо иштерин баштаган. Орус окумуштуусу Е.Фалеевден баштап К.Мифтаков, Ы.Абдрахманов, А.Самүдүн уулу (Тайгүрѳңов), Т.Байжиев, Т.Саманчин, З.Бектенов, М.Мамыров, М.Түлѳгабылов, Ж.Субанбеков, З.Ч.Мамытбеков, Э.Абдылдаев, Ж.Таштемиров, С.Байходжоев, Ж.Мукамбаев, С.Закиров ж.б фольклорист-окумуштуулар кыргыз эл оозеки чыгармаларын ар кайсыл жылдары, ар түрдүү жанрлар боюнча эл оозунан жыйноо, жарыялоо, изилдѳѳ иштерин колго алып келишти. Ошол материалдардын ичинде азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасында 1950-жылдардан берки чогултулуп келген элдик чыгармалардын кѳлѳмү да аз эмес. Аларды 2010-жылдан бир нече томдук (VI том) түрүндӛ жарыялоо иштери башталып, 2015-2017-жылдары 3(үч) тому жарык кӛрдү. Бул макалада ошол материалдардын ичинен санат-насыяттар, дастандар жӛнүндӛ сӛз болот

Негизги сөздөр

фольклор; жанр; оозеки чыгармачылык; санаттар; насыяттар; дастандар; кафедра

Колдонулган булактар

[1] Baimyrzaev, B. (Ed.). (2017). Kyrgyz oral folk literature (sayings, moral teachings, termeler, aitys, epics, genealogies, anecdotes, ghazals, proverbs, witty sayings, historical speeches, riddles, poems, jokes and satire) (Volume II). Bishkek: COLOR Press.

[2] Samudun uulu, A. (Ed.). (1946). Kyrgyz people's folklore during the Great Patriotic War. Frunze: Kyrmambas.

[3] Samudun uulu, A. (Ed.). (1947). Soviet folklore of the Kyrgyz people. Frunze: Kyrmambas.

[4] Tyumenbaeva, Ch.D. (2022). Forgotten national games and the role of ethnopedagogy. Bulletin of J. Balasagyn KNU, special Issue, 297-307.

[5] Essays on the history of Kyrgyz oral folk creativity. (1973). Frunze: Ilim Press.

[6] Ismailova, G.K. (2023). Syncretism in the singing art and the polyfunctionality of the poet’s role in society in the studies of T. Samanchin. Bulletin of J. Balasagyn KNU, 2(114), 161-167.

[7] The old woman’s tale. (2017). In B. Baimyrzaev (Ed.), Kyrgyz oral folk literature (Volume II, pp. 260-265). Bishkek: COLOR Press.

[8] Baimyrzaev, B.A. (2017). The people’s word to the people (Foreword). In B. Baimyrzaev (Ed.), Kyrgyz oral folk literature (Volume II, pp. 3-21). Bishkek: COLOR Press.