Аннотация

Белгилүү тилчи, түрколог, ―Манас‖ изилдӛӛчү, коомдук ишмер, чыгаан педагог Болот Мураталиевич Юнусалиев карапайым үй-бүлӛдӛн чыгып, эмгекчил, мээнеткечтиги менен коомдук иш менен бирге илим тармагына киришип анын ысык суугуна каныгып, тилчи катары Кыргыз ССРинин агартуу министирлигинин аппаратында иштеп жүргӛн кезинде кыргыз мектептери үчүн кыргыз тили жана адабияты боюнча окуу программаларын жана окуу китептерин түзүүгӛ, редакциялоого, үзгүлтүксүз окуу китептерин кыргыз тилине которууга, УАМсогуш мезгилинде марксизм-ленинизм классиктеринин чыгармаларын которууга активдүү катышкан. Кыргыз тилин изилдӛӛ тарыхында биринчи болуп, элдик кыргыз адабий тилинин калыптанышын, ӛнүгүшүн мезгилдерге бӛлүнүшүн аныктаган. Болот Мураталиевич, түрколог катары тил илиминде биринчи жолу түрк жана монгол тилдеринин салыштырма-тарыхый материалдарынын негизинде кыргыз тилинин тарыхын элдин тарыхы менен бирге байланыштуулугун изилдеп чыгып, аны ―Кыргыз диалектологиясы‖ эмгегинде чагылдырган. Улуу окумуштуу ‖Манас‖ изилдӛӛчү катары эпоско байланыштуу бир топ проблемаларды козгогон макалалары жарыялаган. Чындыгында окумуштуу ‖Манас‖ эпосункыргыз элинин духовный байлыгынын баа жеткис эстелиги гана катарында изилдебестен, жалпы элдик тилдин оозеки эстелиги катарында да изилдӛӛгӛ алган. Айрыкча ―Манас‖ эпосунун бириктирген вариантына жазган баш сӛзүндӛ эпостун чыгыш доорунун пайда болушу жана ӛнүгүшү тууралуу ӛзүнүн илимий ойлорун далилдүү аргументтер менен ортого салган. Ошондой эле ӛмүрүнүн аягында Болот Мураталиевич, окумуштуу катары ―Манас‖ эпосун изилдӛӛ, жарыяоо багытында кӛптӛгӛн эмгектерди жаратуу менен эпосту изилдӛӛгӛ эң чоң салым кошкондугу аталган макалада баяндалат

Негизги сөздөр

окумуштуу-түрколог; лингвист; манасовед; педагог; диаилектолог; коомдук ишмер

Колдонулган булактар

  1. Oruzbaeva, B. (Ed.). (1977-1980). Kyrgyz Soviet encyclopedia (Vol. 6, pp. 627-628). Frunze: Main Editorial Office of the Kyrgyz Soviet Encyclopedia.

  2. The Kyrgyz heroic epic "Manas." (1968). In History of the Kirghiz SSR (Vol. 1, pp. 484-494). Frunze: Kyrgyzstan.

  3. The Kyrgyz heroic epic "Manas." (1968). In "Manas" – The heroic epic of the Kyrgyz People (pp. 212-231). Frunze.

  4. Introduction to the Uzbek Edition of the epic "Manas." (1964). Tashkent.

  5. Encyclopedia of Manas (Vol. 2, pp. 379-380). (1995). Bishkek.

  6. Urstanbekov, B.U., & Choroev, T.K. (1990). Kyrgyz history: A concise encyclopedic dictionary for school students. Frunze: Main Editorial Office of the Kyrgyz Soviet Encyclopedia.

  7. Yunusaliev, B.M. (1985). Selected works. Frunze: Ilim.