Аннотация

Эл аралык кызматташтыктын таламдарына ылайык, инсандар, жамааттар, улуттар адамзат коомчулугунун маданиятын жана плюрализмин таануу жана урматтоосу өтө маанилүү. Сабырдуулук – бул маанилүү принцип гана эмес , ошондой эле тынчтыктын жана бардык элдердин социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн зарыл шарты. Толерантттуулукка тарбиялоо салттары ар бир улуттун маданиятындагы өзгөчө баалуулуктар экендигин кыргыз элинин маданиятынан, өзгөчө эпикалык мурастарынын мазмунунан байкалат. Бул эпикалык мурастын мазмунунда башкалардан жабыр тартсаң да сабырдуулук, чыдамкайлык, көтөрүмдүүлүк менен жооп кыл деген түшүнүк берилген. Элдик эпикалык мураста коңшулар, бир туугандар жана башка элдер менен ынтымакырашкерликте болууга умтулуу турмуш башаты катары ачыкталат. Кыргыз жана башка элдердин инсандар ортосундагы ынтымак, достук, өз ара сыйымдуулук, бир туугандык мамилелер менен бир катарда коюлат. Бул макалада кыргыздардын эпикалык мурасында инсанды толерантттулукка тарбиялоо багытындагы педагогикалык идеялар, өзгөчөлүктөр талдоого алынды

Негизги сөздөр

эпос; кыргыз; биримдик; инсан; гуманизм; адеп-ахлак; кечиримдүүлүк; токтоолук;чыдамкайлык; толерантттулук; акылман; тарбия; элдик оозеки чыгармачылык

Колдонулган булактар

  1. Aitmatov, Ch.T. (1988). We renew the world, the world renews us. Frunze: Kyrgyzstan. 

  2. Large illustrative dictionary of foreign words. (2002). Moscow.

  3. Baygaziev, S. (2022). Study of Manas. Bishkek. 

  4. Akmataliev, A., et al. (2015). Explanatory dictionary of the Kyrgyz language, Part II. Bishkek: Eurasia Press.

  5. Manas encyclopedia, Vol. 1. (1995). Bishkek.

  6. Manas: The heroic epic of the Kyrgyz people, Book 3. (1995). Bishkek: Kyrgyzstan.

  7. Semetey: Heroic epic. The second part of the Manas epic, Book 1. (2013). Bishkek: Turar.