Аннотация

Бул макалада кыргыз окумуштуусу, профессор К.Дыйканов тууралуу, т.а., анын тил илимине талыкпай эмгек кылып, кҿптҿгҿн илимий китептер жарыялагандыгы, ал эмгектеринде ҿзҥнҥн туруктуу позициясы, кҿз карашы бар экендигин далилдей билгендиги тууралуу кеп болот. Анын илим чҿйрҿсҥнҿ арналып жазылган эмгектерин терең теориялык негиздҥҥ эмгектер десек туура болот. Себеби окумуштуу К.Дыйканов тил илиминин кайсы тармагы боюнча эмгек жаратпасын, тҥркологияда белгилҥҥ болгон окумуштуулардын эмгектери менен кеңири таанышып, аларды кылдат анализдеп кҿрҥп, анан эмгектеринин тиешелҥҥ жерине колдонгонун кҿрҥҥгҿ да, туюуга да болот. Маселен, профессор зат атоочту изилдеп жатып, кыргыз тил илиминде гана эмес, жалпы эле тҥркологияда да изилдҿҿгҿ алына элек накта зат атоочтордон ҿзгҿчҿлҿнҥп турган орунду жана тҥрдҥҥ мейкиндик мамилелерди билдирген зат атоочтор да бар экендигин баамдай билген. Мындай сҿздҿрдҥ ал кҿз жаздымда калтырбастан, алардын табиятын, функциясын ж.б. жактарын тактап, аныктап чыгуу максатында белгилҥҥ тҥрк окумуштуулардын эмгектери менен таанышып чыккан. Натыйжада ошол замандын талабына жараша жоопторду таап, аларды илимий чҿйрҿгҿ жеткирген. Профессор К.Дыйканов башка эмгегинде морфологиядагы бир катар талаш маселелерге да ҿз кҿз карашын билдирип коюуну илимпоздук милдети катары эсептеген. Маселен, жаман, жакшы сыяктуу сҿздҿрдҥн сҥйлҿм контекстинде зат атооч менен айкашып келгенде жана этиш менен айкашып келгенде морфологиялык жактан сын атооч боюнча калабы же этишке айкашып келгенде тактоочко ҿтҥп кетеби сыяктуу маселелерге ҿзҥнҥн так, далилдҥҥ пикирин билдирген. Дегеле окумуштуунун илим жаратууда ҿз кҿз карашы, ҿз пикири, терең позициясы бар экенин анын кҿпчҥлҥк эмгектеринен байкоого болот

 

Негизги сөздөр

К.Дыйканов, тил илими, кыргыз окумуштуулары, тҥркологдор, тилдин деңгээлдери, сҿз тҥркҥмдҿр маселеси, морфология, зат атооч, жардамчы атооч, сын атооч, этиш, тактооч

Колдонулган булактар

  1. Dyikanov, K. (1955). The noun in the Kyrgyz language. Frunze: Publishing House of the Academy of Sciences of the Kirghiz SSR.

  2. Kononov, A.N. (1956). Grammar of the modern Turkish literary language. Moscow-Leningrad.

  3. Kononov, A.N. (1960). Grammar of the modern Uzbek literary language. Moscow-Leningrad.

  4. Altaeva, D. (2019). Auxiliary nouns in the Kyrgyz language and their linguistic paradigm [Candidate of Philological Sciences dissertation abstract]. Bishkek.

  5. Grammar of the Kyrgyz literary language. (1980). Frunze: Ilim.

  6. Dyikanov, K., & Dyikanova, Ch. (1990). Learning Arabic script. Frunze.

  7. Dyikanov, K., & Kudaibergenov, S. (1957). Morphology of the Kyrgyz language. Frunze. Retrieved from https://bilim.akipress.org

  8. Modern Kyrgyz language (Vol. 2). (1958). Frunze: Kyrgyzokuupepmamba.

  9. Kharitonov, L.N. (1943). Unchangeable words in the Yakut language. Yakutsk: State Publishing House of the Yakut ASSR.

  10. Tynystanov, K. (1996). Morphology of the Kyrgyz language. Bishkek.

  11. Umuralieva, B. (1965). The adjective in the Kyrgyz language. Frunze.