Аннотация
Кыргыздар менен кыпчактар бири-бирине кҿчмҿндҥк жана дыйканчылык байланышта болуп, байыркы замандардан бери саясий-экономикалык жана маданий карым-катнашта жашаган. Генетикалык жактан кыргыз тили тҥрк тилдеринин кыпчак тобуна кошулат. Кыпчак тобу бир нече жарым топтордон турган ондон ашуун улуттук тилдерден куралат. Кыргыз-кыпчак жарым тобуна кыргыздар жана тҥштҥк алтайлыктар кирет. Орто кылымдарда жаралган "Дивани лугат-ат тҥрк" жана «Кодекс Куманикус» жазма эстеликтери теңдеши жок тарыхый булактар. Энциклопедист, аалым Махмуд Кашкаринин "Дивани лугат-ат тҥрк" сҿздҥгҥ тҥрк тилдерин ҿзҥнчҿ тилдерге жана тилдик топторго бҿлҥштҥргҿн алгачкы эмгек. XIII-XIV-кылымда жазылган «Кодекс Куманикус» же «Кыпчактардын китеби» аттуу кол жазма кыпчак тилинин кутун, ооматын камтыйт. Эстеликте эски кыпчак тилиндеги ырлар, табышмактар, баталар сакталуу. Бул материалдык байлыктар азыркы баардык тҥрк элдерине бирдей таандык орток мурас. Алардын тили – бизден миң жылдын ар жак, бер жагындагы аралыкты бҿлҥп турган тил. Андан бери тилде лексика-грамматикалык жактан гана эмес, тыбыштык тҥзҥлҥш жагынан да ҿзгҿрҥҥлҿр болду. Азыркы учурда жазма эстеликтерде кездешкен ҿлчҿм атоолорунун колдонулуш чҿйрҿсҥ фольклордук чыгармаларда, тарыхый жазууларда, сҿздҥктҿрдҿ, тарыхый романдарда, оозеки жана сҥйлҿҿ тилинде
Негизги сөздөр
Колдонулган булактар
-
Anvar Baytur. (1992). Lectures on Kyrgyz history (p. 3). Frunze.
-
Konurbaeva, R. E. (2011). The relation of the "Codex Cumanicus" (13th–14th centuries) manuscript monument to the Kyrgyz language (p. 13). Bishkek.
-
Kashkari, M. / Abduvaliev, I. (2013). Divan-i Lugat-it Turk (book). M. Kashkari and his dictionary (p. 10). Bishkek.
-
Mutalibov, S. M. (1960). Mahmud Kashgari: Turkish words (Divan-i Lugat-it Turk) (Vol. 1, p. 66). Tashkent.
-
Kashkari, M. (2011). Dictionary of Turkic languages (Vol. 1). Bishkek.
-
Kashkari, M. (2013). Dictionary of Turkic languages (Vol. 2). Bishkek.
-
Dictionary of Kyrgyz explanatory words (2016) (Vol. 1). Bishkek.